2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө
Ден соолугуун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча сунуштарды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси (мындан ары – Чаралардын комплекси) тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев