Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы N 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 8-пунктундагы "99" жана "57" цифралары тиешелүү түрдө "104" жана "62" цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ж.Ж. Сатыбалдиев