КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 654 токтому

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү максатында, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1 Тиркелген: Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                               Ж.Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме


Тиркемелер

Басып чыгаруу