2012-жылдын 17-20-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагында болгон кар көчкүлөрдүн натыйжасында 9 адам каза болду, анын ичинен 4ү – балдар. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында: 

1. Кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн каза болгондордун тиркелген тизмесине ылайык ар бир үй-бүлөгө 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фодунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн  450 000 (төрт жүз элүү миң) сом суммасында акча каражаты бөлүнсүн, анын ичинен: 

- 50 000 (элүү миң) сом – Баткен облусунун Лейлек райондук мамлекеттик администрациясына; 

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына; 

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясына; 

- 50 000 (элүү миң) сом – Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына; 

- 200 000 (эки жүз миң) сом – Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына; 

- 50 000 (элүү миң) сом – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына. 

3. Ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардамды берүүнү уюштурсун. 

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук  тартип жана өзгөчө кырдаалдар  бөлүмүнө жүктөлсүн.  

 Премьер-министр                                                                  Ө. Бабанов     

Үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүүчү кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун 

тизмеси 

№ Каза болгондордун аты-жөнү, туулган жылыКаза болгондордун жашаган жери
  1.  
Ниязматов Куттубек Муртазимович,  1969-ж.т.Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылы
  1.  
Шүкүралы кызы Самара,1993-ж.т.Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Адек айылы
  1.  
Саматов Акберди Камалович,1976-ж.т.Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылы
  1.  
Конокбаев Нуржан Ташкенбаевич, 1970-ж.т.Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасы
  1.  
Эмилбек кызы Бузейнеп,2003-ж.т.Ош облусунун Алай районундагы Нура айылы
  1.  
Калмурза уулу Сыймык,2000-ж.т.Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Живпром айылы
  1.  
Кенебаев Азатбек,2004-ж.т.
  1.  
Калчоро уулу Нурдөөлөт, 2006-ж.т.
  1.  
Алибаев Калмамат,1936-ж.т.Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тагай айылы

   Үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлүүчү кар көчкү түшүүнүн натыйжасында каза болгондордун тизмеси

Тиркемелер

Басып чыгаруу