Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө болгон чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүүчү жаңы, заманбап, натыйжалуу жана кесипкөй мамлекеттик органды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тикелей баш ийүүчү жана отчет берүүчү адистештирилген укук коргоочу орган болуп эсептелет, анын негизги милдеттери экономикалык кылмыштардын түрлөрүн, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана изилдөө болуп саналат.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) жобосу 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясында) кызмат өтөө жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык
; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) тартиптик уставы 4-тиркемеге ылайык.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
24-пункт күчүн жоготту деп табылсын; төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
“ | ||||
27-1 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) | 260 | ||
” |
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөрүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) борбордук аппараты Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү 2/1 дареги боюнча жайгаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясынын) аймактык бөлүмдөрүн айрым мамлекеттик органдарды өзгөртүлүп түзүүнүн жана жоюунун жүрүшүндө бошогон имараттарга жайгаштырууну камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясына) кызматкерлерди алуу жөнүндө жарыяны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын;
- жоюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын өндүрүшүндөгү кылмыш иштерин жана материалдарын кабыл алуу жөнүндө маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
- бул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин. 9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ө. Бабанов