Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемени каржылоо маселесин атайын жана бюджеттик каражаттардын эсебинен чечсин.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев