2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун 2-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган 2009-жылдын 20-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде Товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин аткаруучу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев