Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 287 “Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасын кайра түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 25-пунктунда:
жыйырма жана жыйырма төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырма үчүнчү абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү “шаарчасы” деген сөз тийиштүү жөндөмөдөгү “айыл” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43. Кыргызжылуулукэнергонун төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин эсебинен компенсацияланат:
- калктын жылуулукка жана ысык сууга болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында түзүлгөн;
- “Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы” филиалын кармоого;
2) жогоруда аталган токтомго 2-тиркеме ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 “Миң-Куш” акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-авгусутундагы № 541 “Миң-Куш” акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 331 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 “Миң-Куш” акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев