КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 560 токтому

Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук   күбөлүктөрдү   берүү   маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө
 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.   Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                             М.Д.Абылгазиев

тиркеме