Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-пунктуна жана 354-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасында:
- 63-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
63 | Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу): | ||
- чет тилден которуу; | 74.30.0 | 2000 | |
- кыргыз тилинен которуу | |||
- сурдокотормочу | 300 |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Кыргызской Республики | М.Абылгазиев |