Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына мунайды, мунайзаттарды, экологиялык отунду (био отунду), жеңил жана орто дистилляттарды, керосинди, газойлини, газохолду, газолинди, туруктуу газдуу композитти, нафтаны, нефрасаны, бензанолду, мешке жагуучу отунду жана башка мунайзаттарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 2707 10 100 0, 2707 20 100 0, 2707 30 100 0, 2707 50 100 0, 2709 00 100 1 – 2709 00 100 0, 2710 12 110 1 – 2710 12 110 9, 2710 12 150 1 – 2710 12 150 9, 2710 12 411 0 – 2710 12 419 0, 2710 12 450 0 – 2710 12 590 0, 2710 19 250 9, 2710 12 411 0 – 2710 12 419 0, 2710 12 450 0 – 2710 12 590 0, 2710 19 250 0, 2710 19 421 0 – 2710 19 429 0, 2710 19 460 0 – 2710 19 480 0, 2710 20 110 0 – 2710 20 190 0, 2711 12 110 0, 2711 19 000 0, 3811 11 900 0, 3811 21 000 0, 3826 00) (мындан ары – мунай жана мунайзаттар) ташып келүү төмөнкүдөй учурда ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин:
- мунайзаттарды коопсуз ташып өтүү боюнча талаптар сакталганда;
- ташуучунун же/жана жүктү алуучунун салыктык каттоосун ырастаган документтери болгондо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген товар коштоочу документтери болгондо;
- шайкештикти милдеттүү баалоо жөнүндө документтери болгондо.
2. Мунай жана мунайзаттардын жалпы рыногу түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мунайды жана мунайзаттарды автотранспорт (бензовоз) менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизилсин.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда каралган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагына жеке адамдар тарабынан жеке пайдалануу үчүн транспорт каражатындагы техникалык шарттарга ылайык орнотулган май куюучу бакта болгон мунайзат, ошондой эле көлөмү 20 литрден ашпаган башка идиштеги мунайга жана мунайзаттарга жайылтылбайт.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген мунайды жана мунайзаттарды ташып келүүгө киргизилүүчү чектөөлөр бажы аймагынан тышкары кайра иштеп чыгуунун бажы жол-жобосуна жайылтылбайт.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул токтомдун 1 жана
2-пункттарында аталган талаптарды сактоо боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-ноябрындагы № 767 “Кыргыз Республикасынын аймагына жеңил жана орто дистилляттарды, керосинди, газойлду, дизель отунун жана башка мунайзаттарын ташып келүүнү жөнгө салуунун айрым маселелери жѳнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев