КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 611 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы «23¹» деген цифралар «23²» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 6¹-пункт менен толукталсын:

«6¹. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын жетекчисине соттук эксперттерге квалификациялык категориясы үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөктөрдү белгилөө укугу берилсин:

- жогорку категория – 20 пайыз;

- биринчи категория – 10 пайыз.»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 7¹-пункт менен толукталсын:

«7¹. Илимий даража үчүн кызматтык маянага үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 «Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык төлөнө тургандыгы аныкталсын.»;

- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 23²-тиркеме менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                         М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу