КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 584 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө   

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ошондой эле бир мезгилде үч жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоонун деңгээлин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу”  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун мамлекеттик тилдеги текстинде:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2. Төмөнкүлөр белгиленсин:”;

2-пунктчасындагы “900 (тогуз жүз) сом” деген сөздөр “1 000 (бир миң) сом” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун 2-пунктчасынын расмий тилдеги текстиндеги “900 (девятьсот) сомов” деген сөздөр “1 000 (одна тысяча) сомов” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогорудагы аталган токтом менен бекитилген 16 жашка чейинки балдары бар жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) “үй-бүлөгө көмөк” – ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:

- 16-пунктунун 1-пунктчасындагы мамлекеттик тилдеги текстиндеги “кем эмес” деген сөздөр “аз” деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 “Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

“ - бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнүн өлчөмү 50 000 (элүү миң) сомду түзөөрү;”.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                          М.Д.Абылгазиев 



Тиркемелер

Басып чыгаруу