КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-ноябрындагы № 601 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын радио жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануу максатында, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 754 «Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

преамбула «10-беренесине,» деген сөздөрдөн кийин «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин   98-беренесине,» деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жободо:

- 5-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5-глава. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөгү, кайра тариздөөдөгү жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдөгү мамлекеттик алым

19. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик алым алынат, буга тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүлгөн учурлар кирбейт.»;

- 20-пунктунун он экинчи абзацындагы «лицензиялык жыйым» деген сөздөр «мамлекеттик алым» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 21-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- уруксатты берүүгө мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;»;

- 22-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- уруксатты берүүгө мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;»;

- 30-пункту «мамлекеттик телерадио уюмдардын,» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик телерадиоберүүлөрдү трансляциялоо үчүн электр байланыш операторлорунун» деген сөздөр менен толукталсын;

- 46-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 48-пунктунун жетинчи абзацы «уруксатта көрсөтүлгөн» деген сөздөрдөн мурда «кайра бөлүштүрүү жөнүндө келишимдин алкагында  радио жыштык тилкелерин өзгөртүүлөрдөн сырткары,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 49-пунктундагы «ушул Жобонун 8-тиркемесинде аталган нарк боюнча» деген сөздөр алып салынсын;

- 107-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Борбордук негизги GSM каналдарынын негизинде бөлүп берилген радио жыштык тилкесинин кеңдигин радио жыштык тилкесинин иш жүзүндө ээлеген кеңдигинин бүтүн сандуу маанисине дал келтирүү, анын ичинде кайра бөлүштүрүүдө радио жыштык спектрин пайдаланууга эсеп радио жыштык тилкесинин кеңдигинен ашпашы керек.»;

- 109-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«109. Радио жыштыктарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө келишим Лицензия берүүчүгө радио жыштыктарды пландалган кайра бөлүштүрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуу менен бирге берилет. Радио жыштыктарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө келишимдин негизинде, уруксатка мүнөздөмөлөрдүн башкача өзгөртүүлөрү киргизилген учурлардан тышкары, Лицензия берүүчү кошумча акы албастан тиешелүү лицензияны жана уруксатты берүү жөнүндө чечимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.»;

- 145-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы «лицензиялык жыйым» деген сөздөр «мамлекеттик алым» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жобонун 8-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу