Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө
Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды бирдиктүү баалоо максатында, «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев