Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата токой чарбачылыгында жайгашкан жерлерди «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы № 80 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 11 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата токой чарбачылыгынын Гумкана участогунда жайгашкан 1,23 га жер резервуар куруу үчүн «Токой фондунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун, анын ичинен:
- 0,50 га – жайыттар (№ 14 квартал, 1, 2-бөлүктөр);
- 0,73 га – жолдордун алдындагы жерлер (№ 14 квартал – 3-бөлүк; № 23 квартал – 4-бөлүк; № 30 квартал – 5-бөлүк).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен ченемдерге ылайык токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана албай калган пайдасынын ордун толтурууларынын наркынын суммасын төлөөнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев