КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтому

Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө

Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

1)  этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртинин, алкоголдуу продукциянын (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функцияларды;

2)  тийиштүү бюджеттик каржылоосу (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 26 штаттык бирдигин;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирдикте:

1)  эки жумалык мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууну белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияны түзүшсүн;

2)  ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн;

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте бекитилген каржылоо көлөмүнүн чегинде 2019-жылдын сметалык багыттарына өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

-   6-пунктундагы  “796” жана “202” деген цифралар тийиштүү түрдө “770” жана “176” деген цифралар менен алмаштырылсын;

-   20-пунктундагы “2519”, “218” жана “2301” деген цифралар тийиштүү түрдө “2544”, “221” жана “2323” деген цифралар менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)    3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

2)   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:

-    1-пункту “жеке жактарды мамлекеттик каттоочу” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу” деген сөздөр менен толукталсын;

-    6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“- этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо;”

-     7-пунктунда:

а)   элүү үчүнчү абзацы “фискалдык” деген сөздөн кийин “жана лицензиялык” деген сөздөр менен толукталсын;

б)   төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи – алтымыш бешинчи абзацтар менен толукталсын:

“- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт;

-    этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялайт, алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялайт;

-     Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбакер субъекттерди текшерет;

-     этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттогон, өндүргөн, сактаган жана жеткирген юридикалык жактар тарабынан этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча ченемдердин сакталышын контролдойт;

-     этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат.”;

3)   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 “Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 21-пункту “кыйыр салыктарды башкаруу” деген сөздөрдөн кийин “, этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо” деген сөздөр менен толукталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  7 жана 11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

2)   жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

-   1-пунктундагы “, ошондой эле этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу” деген сөздөр алып салынсын;

-     6-пунктунун тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

-     7-пунктунда:

а)       үчүнчү абзацынын 1-пунктчасындагы “анын ичинде этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү,” деген сөздөр алып салынсын;

б)       2-пунктчасынын жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

в)       3-пунктчасынын төртүнчү – жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү мамлекеттик органдарды тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

тиркеме