КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 618 токтому

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  2. жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
  3. 6-пунктундагы “796” жана “510” деген цифралар тийиштүү түрдө “669” жана “383” деген цифраларга алмаштырылсын;
  4. 19¹-пунктундагы “266”, “38” жана “228” деген цифралар тийиштүү түрдө “391”, “39” жана “352” деген цифраларга алмаштырылсын;
  5. жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 5-пункту  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик,” деген сөздөр менен толукталсын.
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  7. жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
  8. 6-пунктундагы “224” жана “175” деген цифралар тийиштүү түрдө “186” жана “137” деген цифраларга алмаштырылсын;
  9. 19¹-пунктунда “41”, “7” жана “34” деген цифралар тийиштүү түрдө “79”, “10” жана “69” деген цифраларга алмаштырылсын.
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  11. жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

6-главада: 

- 15-пунктундагы “орун басарынын” деген сөздөр “орун басарларынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 17-пунктундагы “орун басары Агенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат” деген сөздөр “орун басарлары Агенттиктин директорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 19-пунктундагы “орун басары” деген сөздөр “орун басарлары” деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 20-пунктундагы “орун басары” деген сөздөр “орун басарлары” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызмат жөнүндө жободо:

- 4-главасынын 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

- “-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерге катышуу;”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасынын күчү жайылтылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тизмеси” деген 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 19¹-пункт менен толукталсын:

“19¹. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик.”.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                       М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу