Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Баткен облусунун Баткен шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, өнөр жай, кайра иштетүү, агроөнөр жай секторун өнүктүрүү, продукцияларды экспорттоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 20-беренелерине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жылдын 17-майындагы корутундусун жана Баткен шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 16-майындагы № 03-24/105 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын аймагындагы № 777, № 1265, № 1266, № 1267, № 1269, № 1270, № 1271, № 1273, № 1275, № 1276, № 1277, № 1278, № 1279, № 1280, № 1291, № 1294, № 1295, № 1301, № 1302, № 1305, № 1308, №1307, № 1892, № 1893, № 1894, № 1895, № 1896, № 1897, №1898, № 1899, № 1900, № 1901, № 1902, № 1903, № 1904 контурларында жайгашкан 172,9 га жайыт жер соода-логистикалык борбор куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерге шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди жеке же юридикалык жактарга берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-январындагы №1 “Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерин бекитүү жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
- археологиялык эстеликтердин сакталышын жана пайдалануу режимин;
- тарыхый-маданий мурастардын объекттеринин сакталышын камсыздоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана аны эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна берүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев