Токтогул шаарындагы № 39 кесиптик лицейинин балансында турган мамлекеттик менчиктеги объектти Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-мартындагы № 42 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин А.Бердалиев атындагы № 39 кесиптик лицейинин балансында турган, Жалал-Абад облусунун, Токтогул районунун, Токтогул шаарындагы Мадыяров жана Коргол көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, кыймылсыз мүлктүн бирдигинин коду 3-07-01-1001-1024, жалпы аянты 711,0 кв. м, жанаша жаткан аймагы менен, жер участогунун жалпы аянты 3100 кв.м имаратты (мындан ары – объект) Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Аталган токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объект Токтогул шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мектепке чейинки билим берүүнүн муниципалдык уюмун жайгаштыруу үчүн өткөрүп бериле тургандыгы белгиленсин.
3. Токтогул шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган өткөрүп берилүүчү объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу жана анын сактыгын камсыздоо;
- өткөрүп берилүүчү объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган муниципалдык менчигиндеги объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- объектти сактоону камсыздоо;
- өткөрүп берилүүчү мүлктү андан ары ээликтен ажыратпоо;
- объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев