КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 628 токтому

Астана шаарында 2018-жылдын 2-ноябрында кол коюлган 1997-жылдын 17-январындагы Уюлдук көчмө байланыш системасын өнүктүрүүдөгү жана колдонуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. 2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган 1997-жылдын 17-январындагы Уюлдук көчмө байланыш системасын өнүктүрүүдөгү жана колдонуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу расмий тилде тиркелген протокол (мындан ары – Протокол) бекитилсин.  

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу