КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666-токтому

Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасында пробация органын материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы  Пробация департаменти (мындан ары - Департамент) түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Департамент жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби 2-тиркемеге ылайык.

3. 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-январына чейинки мезгилде коомдон обочолонтпостон жазаларды, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга пробациялык көзөмөл жана контроль жүргүзүү боюнча функциялар ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жазык-аткаруу инспекцияларына жүктөлөрү белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмгек акы төлөөгө, материалдык-техникалык жабдууга жана коммуналдык-эксплуатациялык чыгымдарга зарыл болгон каражаттарды республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде этап-этап менен төмөнкү тартипте бөлүүнү карасын:

- 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декебрына чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына;

- 2020-жылдын 1-январынан тартып Департаментке.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:

- 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жазык-аткаруу инспекцияларынын эмгек акы төлөө фонду менен 180 штаттык бирдигин, документтерин, финансы ресурстарын жана башка товардык-материалдык баалуулуктарын өткөрүп берсин;

- тийиштүү уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзсүн;

- жазык-аткаруу инспекцияларынын уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды жүргүзүүгө байланыштуу кадрлардын карамагында болгон кызматкерлерин биринчи кезектеги тартипте ишке орноштурсун;

- 2019-жылдын 30-декабрына чейин Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Департаменттин аймактык бөлүнүштөрүн жайгаштыруу үчүн кызматтык жайларды берүү жөнүндө маселени иштеп чыксын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен бирдикте 2019-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө болгон кыймылсыз мүлк фондунун чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын сунуштарын эске алуу менен Департаментке кызматтык жайларды берүү жөнүндө маселени чечсин.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги пробация органдарынын штаттары толук комплектелгенге чейин жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн пробация иши чөйрөсүн тандоосу жана аларды андан ары ишке орноштуруу максатында тиешелүү багыттар боюнча (социалдык иш, психология, педагогика, юриспруденция) алардын кесиптик багытын аныктоо иш-чараларын жүргүзсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 “Кыргыз  Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пунктундагы “адвокаттык жана нотариалдык иш” деген сөздөр кийин  “адвокаттык, нотариалдык жана пробациялык иш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“- коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошогон адамдарга пробациялык көзөмөл жана контроль жүргүзүүнү берилген ыйгарым укуктардын чегинде камсыз кылуу.”;

- 6-пунктунун “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- пробациялык ишти координациялайт;”.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

2020-жылдын 1-январынан тартып:

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

402

 анын ичинде:



 -                    борбордук аппараты

91

 -                    ведомстволук бөлүмдөрү

198

 -                    аймактык бөлүмдөрү

113

”;

2021-жылдын 1-январынан тартып:

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

442

 анын ичинде:



 -                     борбордук аппараты

91

 -                     ведомстволук бөлүмдөрү

238

 -                     аймактык бөлүмдөрү

113

”;

2022-жылдын 1-январынан тартып:

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

482

 анын ичинде:



 -                     борбордук аппараты

91

 -                     ведомстволук бөлүмдөрү

278

 -                     аймактык бөлүмдөрү

113

”;

2023-жылдын 1-январынан тартып:

3

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

522

 анын ичинде:



 -                    борбордук аппараты

91

 -                    ведомстволук бөлүмдөрү

318

 -                    аймактык бөлүмдөрү

113

”.

10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн.

11. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оңдоо эмгек мекемелеринде кесилгендердин күтүлүш, оңолуш, кайра тарбияланыш жана ишке пайдаланылыш абалы жөнүндө” токтому;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 222 “Жазык-аткаруу инспекциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-декабрындагы № 715 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын жазык-аткаруу инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

13. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктунан, 2-пунктунун биринчи пунктчасынан, 8 жана 9-пункттарынан, 11-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарынан тышкары, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу