2019-жылдын 11-мартында Нур-Султан шаарында кол коюлган Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-жылдын 11-мартында Нур-Султан шаарында кол коюлган Бажы эрежелерин сактоону камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешине катышуучу мамлекеттердин бажы администрацияларынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түрк кеңешинин Катчылыгына жогоруда аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жогоруда аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев