Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жүзөгө ашыруунун 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын аткаруу боюнча 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруунун алкагында, “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтом күчүнө киргенден кийин, 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагында Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары каражаттарынын маалымдамасына киргизилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоорду жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүп жаткан дары каражаттарына баалар фармацевттик иштин субъекттери тарабынан алар дары каражаттарына баалардын электрондук каталогуна биринчи киргизилген учурдан тартып 90 күндүн ичинде катталган баага ылайык келтирилиши керек экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- фармацевтик иштин субъекттеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда белгиленген тартипте Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине киргизилген дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, буга ушул токтомдун 2-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелеринин расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2021-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу 7-главасы кирбейт.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев