КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 577 токтому

2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2019-жылдын 3-майында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чет өлкөлүк (кайтарымсыз) аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.

3. Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине тийиштүү жылга каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу