Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби жөнүндө
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциялардан коргоо, эсепке алынбаган/контрабандалык товарларды ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында айрым товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тартиби (мындан ары – Тартип), 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташып киргизилүүчү жана сатып өткөрүлүүчү товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеси жана милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрү (мындан ары – Товарлардын тизмеси), 2-тиркемеге ылайык;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү жана аны иштетүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасында товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо Тизмеде көрсөтүлгөн мөөнөттөргө ылайык киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүү, импорттоо/ташып киргизүү, сатуу менен алектенген экономикалык иш субъекттер:
- санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, импорттолгон/ташып киргизилген, сатылган товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен Тартипке ылайык маркалай тургандыгы белгиленсин;
- Тизмеде көрсөтүлгөн товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөтү келип жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалабастан сата тургандыгы белгиленсин.
5. Милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларда идентификациялоо каражаттарынын болушуна контролду төмөнкүлөр жүргүзө тургандыгы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аймагынан импорттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында сатып өткөрүлгөндөргө – салык кызматынын органдары;
- Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймагынан ташып киргизилгендерге – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүдө, импорттоодо/ташып киргизүүдө, экспорттоодо/ташып чыгарууда, сатып өткөрүүдө алардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүүгө байланыштуу уюштуруу-техникалык маселелерин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлардын айрым түрлөрүн өндүрүү, импорттоо/ташып киргизүү, экспорттоо/ташып чыгаруу, сатып өткөрүү менен алектенген экономикалык иш субъекттеринин арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин жүргүзсүн;
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 188 “Жеңил өнөр жай товарларын маркалоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы “2015-жылдын 8-сентябрында Гродно шаарында кол коюлган “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-июлундагы № 126 Мыйзамы менен ратификацияланган) ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев