Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 1561 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пунктунун экинчи абзацындагы “2019” деген цифралар “2020” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев