КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабынын бүткөрүлө элек иш-чараларын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  5-январындагы № 5  “Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын экинчи этабын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга иш-чаралар планында:

- “2019-ж.” графасында:

5-пунктундагы “1,0” цифралары “0,2” цифралары менен алмаштырылсын;

8-пунктундагы “2,0” цифралары “0,2” цифралары менен алмаштырылсын;

18-пункту “9,953” цифралары менен толукталсын;

20-пунктундагы “3,0” цифралары “0,2” цифралары менен алмаштырылсын;

22-пункту “6,611” цифралары менен толукталсын;  

24-пунктундагы “1,0” цифралары “0,2” цифралары менен алмаштырылсын;

25-пунктундагы “3,0” цифралары “5,777” цифралары менен алмаштырылсын;

27-пунктундагы “2,8” цифралары “0,3” цифралары менен алмаштырылсын;

28-пункту “5,454” цифралары менен толукталсын;  

31-пунктундагы “9,5” цифралары “1,564” цифралары менен алмаштырылсын;

32-пунктундагы “5,5” цифралары “5,842” цифралары менен алмаштырылсын; 

33-пунктундагы “9,0” цифралары “0,5” цифралары менен алмаштырылсын;

- 13 жана 14-пункттарындагы “Жооптуу аткаруучулар” графасындагы “АЧТММ” аббревиатурасы “Суу агенттиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети иш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу