Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү маселелерин тартипке салуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жана регламенттөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы "бюджеттик мекемелердин" деген сөздөр "мамлекеттик мекемелердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы "бюджеттик мекемелеринин" деген сөздөр "мамлекеттик мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери" деген сөздөр "мамлекеттик мекемелери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктундагы "мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө тапшырылсын" деген сөздөр "тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк иш-чаралар планынын 32-пунктуна" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктундагы "мамлекеттик кызмат бөлүмүнө" деген сөздөр "тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө жободо:
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Административдик регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылат.
Административдик регламенттерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин функциялык милдеттерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан маселелер кирген орун басарларынын бирине (мындан ары - жооптуу жетекчи) жүктөлөт.
Жооптуу жетекчинин тапшырмасы боюнча административдик регламенттин долбоорун түздөн-түз иштеп чыгуу мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бири тарабынан же мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан түзүлүүчү жумушчу комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Жумушчу комиссия түзүлгөн учурда анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз байланышкан жетекчилери жана адистери, тиешелүү мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын кароосу боюнча башка өкүлдөр кирет.
Жумушчу комиссия өз ишин ушул Жобонун жана мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү, анын иштөө тартиби, чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору жана башка маселелер аныкталуучу жумушчу комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.
6. Административдик регламенттин долбоору төмөнкүлөр тарабынан жактырылууга тийиш:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык түзүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ведомстволук комиссия тарабынан;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын комиссиясы тарабынан.";
- 7 жана 8-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктунун 1-пунктчасынын он экинчи абзацындагы "Жумушчу комиссияга" деген сөздөр "Иштеп чыгуучуга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 25-пунктундагы "жумушчу комиссия менен биргеликте бекитилген административдик регламентти иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды иштеп чыгууга" деген сөздөр "бекитилген административдик регламентти практикалык ишке ашыруу боюнча тиешелүү чаралардын (пландын) комплексин иштеп чыгууну жана бекитүүнү уюштурууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн негизги принциптерин жана тартибин, ошондой эле бул реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорун белгилейт.
Ушул Жободо белгиленген ченемдер иши мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан жана кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын тиешелүү суроо-талаптарын канааттандырууга багытталган мамлекеттик органдар, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, мамлекеттик мекемелер үчүн милдеттүү.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
мамлекеттик кызмат көрсөтүү - мамлекеттик мекемелердин жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабын аткаруу боюнча өз компетенциясынын чегинде ишке ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болгон милдеттерди аткарууга багытталган ишинин жыйынтыгы;
мамлекеттик акысыз кызмат көрсөтүү - жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик каражаттардын эсебинен акысыз негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат;
мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү - ченемдик укуктук актыларда белгиленген акы үчүн жеке жана юридикалык жактарга акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат.
Акысыз деп Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү милдеттенмелеринен келип чыгуучу мамлекеттик кызматтар акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт;
мамлекеттик мекеме - башкаруучу, социалдык-маданий жана коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай каржылануучу уюм;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү акы төлөнүүчү же акысыз негизде мамлекеттик мекемелер тарабынан керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын системалаштырылган тизмеси;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча өзү компетенциясынын чегинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү - мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу ишке ашырган жеке же юридикалык жак;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө жооптуу болгон мамлекеттик орган.
3. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерге карата мамлекеттик көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жана лицензиялык талаптарды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик мекемелердин ишинин жыйынтыгы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине карабайт жана киргизилбейт.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүүнүн жана алдын ала кароонун тартиби
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүү жана алдын ала кароо тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча ведомстволук комиссия (мындан ары - ведомстволук комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
Ведомстволук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик органдардын кызматчылары;
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин (болсо) өкүлдөрү, жарандык жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү;
- мамлекеттик органдын кароосу боюнча башка өкүлдөр.
Тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү болгон учурда ведомстволук комиссиянын ишине өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрү тартылат.
Ведомстволук комиссиянын жарымынан кем эмеси жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн турушу керек.
Ведомстволук комиссиянын курамына 70 пайыздан көп эмес бир жыныстагы адамдар кириши керек.
5. Ведомстволук комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, ушул Жобонун, башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү ведомстволук комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүргүзөт.
Ведомстволук комиссияны мамлекеттик органдын жетекчисинин функциялык милдетине мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан маселелер кирген орун басарларынын бири жетектейт.
Ведомстволук комиссиянын чечими ведомстволук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан квалификациялуу көпчүлүк (үчтөн экисинен кем эмес) добушу менен кабыл алынат.
6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды түзүү жана алдын ала кароо максатында ведомстволук комиссия:
1) төмөнкүлөргө инвентаризация жана талдоо жүргүзөт:
- аларды көрсөтүү жоопкерчилиги ошол мамлекеттик органга жүктөлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, алардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине толук киргизилишине карата;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, алардын актуалдуулугуна жана талап кылынганына карата;
- мамлекеттик органдын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана союздарынын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча сунуштарына;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча төмөнкүлөрдү аныктайт:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ченемдик негиздүүлүгүн;
- алардын суроо-талаптары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүлүп жаткан же көрсөтүлүүчү жана ал жайылтылуучу керектөөчүлөрдүн чөйрөсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан алынуучу акыркы натыйжаны;
- керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарын (акысыз же акы төлөнүүчү негизде);
- башка мамлекеттик мекемелер жана/же мамлекеттик эмес сектордун субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү ушуга окшош кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна өткөрүп берүү мүмкүндүгүнүн болушун;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу ар бир мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде каралган критерийлерге шайкеш келүүсүнө талдоо жүргүзөт.
Белгиленген критерийлердин бирөөсүнө гана жооп бербеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү андан ары каралбайт жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбейт;
4) акы төлөнүүчү негизде көрсөтүү каралган мамлекеттик кызматтардын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге жана талаптарга шайкеш келүүсүнө талдоо жүргүзөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкеш келбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү акы төлөнүүчү негиздеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүүгө жол берилбейт;
5) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесин даярдайт, ал төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен таблица түрүндө таризделет:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышын;
- анын негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүлүүчү ченемдик укуктук актыны, беренесин же пунктун кошо;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсү тарабынан алынуучу акыркы натыйжаны (продукту);
- керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарын (акысыз же акы төлөнүүчү негизде);
6) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун даярдайт жана жактырат;
7) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиздерди даярдайт (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү киргизүү/алып салуу, башка өзгөртүүлөр).
7. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмеси жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жөнөтүлөт.
Мында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесине/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарга ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө тиркелет.
8. Ведомстволук комиссия ушул Жобонун 6-пунктунда каралган иш-аракеттер менен бирге төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- ошол мамлекеттик органдын карамагындагы мамлекеттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана ички баалоону уюштурууну;
- регламенттештирүүнү, стандартташтыруу жана маалыматташтырууну кошкондо, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды уюштуруунун жана көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоону;
- аларды уюштуруу жана көрсөтүү жоопкерчилиги мамлекеттик органга жүктөлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттеринин долбоорлорун кароону жана жактырууну, административдик регламенттердин ишке киргизилишине жана алардын иш жүзүндө сакталышына мониторинг жүргүзүүнү;
- аларды көрсөтүү жоопкерчилиги ошол мамлекеттик органга жүктөлгөн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан башка маселелер.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби
9. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдүн долбоору ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) кароосуна киргизилет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдүн долбоорун түзүү тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде ишке ашырылат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү ыйгарым укуктуу орган жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана союздары) да демилгелей алышат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана союздары) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө суроо-талап менен ыйгарым укуктуу органга кайрылышат.
10. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилгенге чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан алдын ала каралат.
Мамлекеттик органдар жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бирикмелери (ассоциациялары жана союздары) киргизген сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин долбоорун/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча зарыл болгон материалдардын пакетин түзөт, ал ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартибине ылайык ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар ыйгарым укуктуу орган тарабынан 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен каралууга тийиш. Жогоруда аталган сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган тиешелүү материалдарды ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизет же жүйөлүү баш тартуу берет.
Мамлекеттик кызмат керектөөчүлөрдү керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (ассоциацияларынын жана союздарынын) дарегине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн баш тартуу ведомстволор аралык комиссияга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотто даттанылышы мүмкүн.
11. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартибинин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
12. Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кароо үчүн кызыкдар мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмеси менен бирге төмөнкү документтерди ыйгарым укуктуу органга берет:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн:
- тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү зарылдыгы жөнүндө ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бекитилүүчү форма боюнча даярдалган, төмөнкүлөрдү камтыган негиздеме-маалым катты:
тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрдүн ошол түрүн көрсөтүүгө ыйгарым укуктарын ырастаган ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү киргизүү зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алууга кызыкдар керектөөчүлөрдүн чөйрөсү жөнүндө маалыматты;
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинде белгиленген критерийлерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматты;
башка мамлекеттик мекемелер жана/же мамлекеттик эмес сектордун субъекттери тарабынан көрсөтүлүүчү ушуга окшош кызмат көрсөтүүлөрдүн болушу жөнүндө, кызмат көрсөтүүнү жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна өткөрүп берүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматты;
ошол мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоорун макулдашуу жөнүндө маалыматты (макулдашуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык ушуга окшош мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө жооптуу болгон мамлекеттик органдар менен (эгер мамлекеттик кызмат көрсөтүү бир нече мамлекеттик органдардын мамлекеттик мекемелери тарабынан көрсөтүлсө), ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде өз ара аракеттенишкен мамлекеттик органдар менен (өз ара аракеттенүү болсо) жүргүзүлөт);
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкеш келүүсүн эске алуу менен мамлекеттик кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүнүн негиздемесин (акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн);
өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү же жокко чыгарууну талап кылган ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматты;
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин (болсо), жарандык жана/же бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволук комиссиянын жыйынынын(дарынын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесин бекитүү жөнүндө же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү киргизүү жөнүндө протоколун(дорун);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын долбоорун;
2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу жөнүндө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, же кызмат көрсөтүүнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө (акы төлөнүүчү/акысыз) маселелерди кароо үчүн:
- алардын негизинде тиешелүү сунуштар киргизилүүчү, мамлекеттик органдын ведомстволук комиссиясынын жетекчиси кол койгон ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышын өзгөртүү же аны көрсөтүүнүн шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) зарылдыгы жөнүндө негиздеме-маалым катты (эркин формада) (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүү категориясынан акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө которуу жөнүндө сунуштарды киргизүүдө негиздеме-маалым катта милдеттүү түрдө "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинде каралган критерийлерге шайкеш келиши жөнүндө маалымат көрсөтүлөт);
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин (болсо), жарандык жана/же бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволук комиссиянын жыйынынын(дарынын) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, кызмат көрсөтүүнүн аталышын өзгөртүү же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарын өзгөртүү (акы төлөнүүчү/акысыз) зарылдыгы жөнүндө протоколун(дорун);
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартына сунушталуучу өзгөртүүлөргө салыштырма таблицаны (мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени киргизүүдө).
Ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жана/же аталышын өзгөртүү жөнүндө маселелерди ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөр берилет:
- алардын негизинде тиешелүү өзгөртүү киргизилип жаткан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин тескеген орун басары тарабынан кол коюлган ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринен чыгаруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жана/же аталышын өзгөртүү зарылдыгы жөнүндө эркин формадагы негиздеме-маалым катты;
- тиешелүү мамлекеттик кызматты көрсөтүүгө жооптуу болгон мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү позициясын;
3) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна өткөрүп берүү жөнүндө сунуштарды кароо үчүн:
- коштоочу катты;
- ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бекитилүүчү форма боюнча, кызыкдар мамлекеттик органдын ведомстволук комиссиясынын төрагасы тарабынан кол коюлган жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна кызмат көрсөтүүнү өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө негиздеме-маалым катты;
- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин (болсо), жарандык жана/же бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жеке юридикалык жана жеке жактардын аткаруусуна кызмат көрсөтүүнү өткөрүп берүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо боюнча кызыкдар мамлекеттик органдын ведомстволук комиссиясынын жыйынынын(дарынын) протоколун(дорун).
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан бекитилген документтердин формалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнүн расмий веб-сайтында жайгаштырылат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды өзгөртүүгө тиешелүү, анын ичинде мамлекеттик кызматты көрсөтүү боюнча тиешелүү функцияларды аткарууну бир мамлекеттик органдан башка мамлекеттик органга белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө байланыштуу маселелердин ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралышы талап кылынбайт.
Аталган өзгөртүүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте кызыкдар мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдүн долбоорун берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартибине ылайык ишке ашырылат.
Сунуштары жана материалдары каралып жаткан мамлекеттик орган мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин (болсо) жетекчисинин же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмесинин өкмөттүк эмес уюмунун өкүлүнүн же тиешелүү чөйрөдөгү көз карандысыз эксперттин кошо баяндамачы катарында ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына катышуусун камсыздайт.
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ведомстволук тизмесине/мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарга милдеттүү түрдө тиркелүүчү документтердин биринин гана жок болушу ведомстволор аралык комиссиянын талап кылынуучу материалдардын толук комплекттелишине чейин кароодон баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
15. Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түшкөн сунуштардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкеш келүүсүнө карата текшерүү жүргүзөт.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды кароонун жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ведомстволор аралык комиссиянын иштөө тартибине ылайык тиешелүү чечим (корутунду) чыгарылат.
16. Ведомстволор аралык комиссиянын оң чечимин жана болгон сунуштарды эске алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомунун долбоорун даярдайт жана демилгелейт.
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилгенден же ага өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ар бир аткаруучусу 10 күндүк мөөнөттө коомчулукка тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
Коомчулукка маалымдоо жалпыга маалымдоо каражаттары, мамлекеттик органдардын (мамлекеттик мекемелердин) веб-сайттарына милдеттүү түрдө жарыялоо, мамлекеттик мекемелердин имараттарында же башка коомдук жерлерде жайгашкан туруктуу маалыматтык такталарда тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
4. Жоопкерчилик
18. Мамлекеттик мекемелерге мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген мамлекеттик кызматтарды жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүүгө тыюу салынат.
19. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- ушул Жобонун 10-пунктунун талаптарын эске алуу менен мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте берилген материалдардын ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна өз убагында киргизилиши;
- ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү материалдардын толуктугу жана алардын мыйзамдарга шайкеш келиши;
- мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген материалдардын ведомстволор аралык комиссияда каралбастан кайтарылышынын негиздүүлүгү.
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн мамлекеттик мекемелер тарабынан алынган киреше милдеттүү түрдө жана толук көлөмдө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине алынат.
21. Ушул Жобонун ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик жана башка жоопкерчилик тартышат.".