КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы №637 токтому

Кыргыз Республикасынын Чүй облусун дагы  Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай дын , транспорт тун , байланыш тын ,  энергетиканын,  коргонуу нун жерлери  жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө 

Жүндү алгачкы иштетүү заводун жайгаштыруу максатында,  Кыргыз Республикасынын  Ж ер кодексинин  4 жана  20-берене лер ине, « Ж ер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы нын 6-беренесине ылайык ,   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2019-жылдын 23 -апрелиндеги № ЭА-05-248 корутундусун, Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 25-мартындагы № 83-б буйругун, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 7 токтомун көңүлгө алуу менен  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусун дагы  Аламүдүн районунун Пригородный айыл  аймагындагы  № 225 контурунда курулуштар  жайгашкан  1,70 га  жер  жүндү  алгачкы  иштетүү заводун жайгаштыруу үчүн  «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай дын , транспорт тун , байланыш тын ,  энергетиканын,  коргонуу нун жерлери  жана башка багыттагы жерлер» категориясына котору лсун.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусун дагы  Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөр дү  камсыздасын:

-   жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдүк иргизүүнү ;

- ушул токтомдун 1-пунктунда  аталган  жерлерди максаттуу  багыты боюнча  пайдаланууну . 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  а гроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу