КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-декабрындагы № 679 токтому

2020-жылдагы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө

Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү – 2020-жылдын  2-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнү – 2020-жылдын  3-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнү – 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнү – 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которулсун. 

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

- 2020-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнүн – 2020-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 9-мартындагы дем алыш күнүн – 2020-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 23-мартындагы дем алыш күнүн – 2020-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;

- 2020-жылдын 11-майындагы дем алыш күнүн – 2020-жылдын 4-майындагы иш күнүнө которуу сунушталсын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу