КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 токтому

Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 477 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-январындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 477 токтомуна толуктоо киргизүү тууралу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 21-августундагы № 505 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 477 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө убактылуу жобого толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-июлундагы № 349 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-октябрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызматкерлерине атайын класстык чендерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 3-сентябрындагы № 477 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


М. Абылгазиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу