КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-июлундагы №334 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-февралындагы № 56 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында медициналык тез жардам кызматын материалдык-техникалык камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  18-февралындагы № 56 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинде:

- мамлекеттик тилдеги тексттин 9-пунктунун бешинчи абзацындагы “көчмө” деген сөз “стационардык” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“10. Каражаттардын, анын ичинде көчмө АПК менен фиксациялоодон түшкөн каражаттардын калдыгы тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында чагылдырылат жана төмөнкү тартипте бөлүштүрүлүүгө тийиш:

50 пайызы – медициналык тез жардам автомашиналарын сатып алуу жана аларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна;

каражаттардын калган бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашырууга багытталат.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу