2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Расмий тилде тиркелген: 2018-жылдын 1-июнунда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев