Кыргыз Республикасынын санариптештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө
Санариптик трансформация боюнча маселелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Укук» мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Укук» мамлекеттик ишканасынын уставы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын уставы, 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасында:
- «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы» позициясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы»;
- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:
«Соцсервис» мамлекеттик ишканасы»;
«Укук» мамлекеттик ишканасы».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 187 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктундагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасына «Санариптик экономика» бюджеттик программасынын алкагында «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен «субсидиялар» беренеси боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар үчүн 23 768 00 (жыйырма үч миллион жети жүз алтымыш сегиз миң) сом өлчөмүндө финансылык каражатты Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын, Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасынын, Идентификациялоо бирдиктүүү системасынын, Электрондук башкаруу инфраструктурасынын реестринин, Базалык маалыматтык ресурстардын реестринин иштешин камсыз кылуу үчүн белгиленген тартипте бөлүп берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды юстиция органдарында мамлекеттик каттоону ишке ашырсын;
- «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Инфо-система» жана «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканаларын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону ишке ашырсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев