Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 276-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 222 “2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 278 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 57 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 “Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 284 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 “6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 239 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 190 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 1, 3 жана 4-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 697 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 “Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 “Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2018-жылдын 24-сентябрынан тартып колдонулат.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев