Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 «Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 «Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунда:
экинчи абзацындагы «жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын» деген сөздөр «, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «олимпиялык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин,» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-3 тиркемелери ушул токтомдун
тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө жогорулатылат:
№ | Иш-чаранын аталышы | Үстөктүн өлчөмү % менен | ||
100 %га чейин | 75 %га чейин | 50 %га чейин | ||
Ээлеген орундар | ||||
1 | Олимпиалык оюндар, Паралимпиалык оюндар жана Сурдлимпиалык оюндар | 1-2 | 3-4 | 5-6 |
2 | Өспүрүмдөрдүн олимпиалык оюндары | 1 | 2-3 | 4-5 |
3 | Чоңдор арасында дүйнөнүн чемпионаты | 1-2 | 3-4 | 5 |
4 | Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
5 | Майыптар арасында дүйнөнүн чемпионаты | 1 | 2 | 3 |
6 | Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
7 | Азиянын чемпионаты | - | 1 | 2-3 |
8 | Дүйнөнүн чемпионаты: - жаштар арасында; - өспүрүмдөр арасында | - - | 1-2 1 | 3-4 2-3 |
9 | Азиянын чемпионаты: - жаштар арасында; - өспүрүмдөр арасында | - - | 1 1 | 2-3 2-3 |
»;
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин 1-пунктундагы «6 000» деген цифралар «7 200» деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев