КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-июлундагы № 363 токтому

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын модернизациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары – Стратегия), 1-тиркемеге ылайык;

- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары  –  Иш-чаралар  планы), 2-тиркемеге ылайык.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

- Стратегияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

4. Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан ишке ашырылары белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев