Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана уруксат берүүчү документтердин реестри маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
-.«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги» бөлүмүндө:
«Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти» бөлүмчөсүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмегинде):
- 4-главасында:
24-пунктунун «Мамлекеттик (акы төлөнүүчү же акысыз) тейлөө көрсөтүүнүн шарттары» графасындагы «Акы төлөнөт» деген сөздөр «Акысыз» деген сөз менен алмаштырылсын;
29 жана 31-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
97-100-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
97 | Дары-дармек каражатына же медициналык буюмга каттоо күбөлүгүнүн дубликатын берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
98 | Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутунду/ медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
99 | Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун /медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун көчүрмөсүн берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
100 | Дары-дармек каражатынын сапаты жөнүндө корутундунун/ медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутундунун дубликатын берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
»;
- 5-главасында:
47-48-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
47 | Дары-дармек каражатына жана медициналык буюмга каттоо күбөлүгүн берүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
48 | Дары-дармек каражатынын жана медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүү | ССМ | ССМ | Акы төлөнөт |
»;
49-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-главасында:
44, 45 жана 53-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 59-63-пункттар менен толукталсын:
«
59 | Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акысыз |
60 | Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акы төлөнөт |
61 | Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жеринде документтештирүү | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акы төлөнөт |
62 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалымат берүү | Мамкаттоо | Мамкаттоо | Акы төлөнөт |
63 | Бөлүп берүүгө жеткиликтүү болгон радиожыштыктарды тандоо боюнча маалымат берүү | МТБМК | МТБМК | Акы төлөнөт |
».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
«Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында» деген III бөлүмдүн 33 жана 35-главалары;
«Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында» деген IV бөлүмдүн 37-главасы;
«Маалымат берүү тармагында» деген V бөлүмдүн 35 жана 36-главалары.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев