2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программа, 1-тиркемеге ылайык;
- 2019-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбей, Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев