КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын жана суу чарба комплексин башкарууну өркүндөтүү, бирдиктүү суу саясатын жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин жоболорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин карамагына Суу чарба жана мелиорация департаментин тиешелүү функциялары, бюджеттик каржылоосу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, документтери, негизги персоналдын 4 106 бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 750 бирдик штаттык саны менен өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин карамагына Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментин тиешелүү функциялары, бюджеттик каржылоосу, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү, документтери, негизги персоналдын 33 бирдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын 7 бирдик штаттык саны менен өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаменти деп кайра аталсын.

5. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо:

1) 6-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 7-пунктунда:

- 1-пунктчасында:

үчүнчү абзацындагы «, суу чарба инфраструктурасынын мамлекеттик объекттери» деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацындагы «, суу» деген сөз алып салынсын;

алтынчы абзацындагы «, суу» деген сөз алып салынсын;

он алтынчы жана он жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

он сегизинчи абзацындагы «, сууну» деген сөз алып салынсын;

жыйырма үчүнчү абзацындагы «, суу» деген сөз алып салынсын;

- 2-пунктчасынын он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3-пунктчасында:

үчүнчү абзацындагы «суу,» деген сөз алып салынсын;

он экинчи абзацындагы «, ирригация» деген сөз алып салынсын;

он жетинчи жана жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

- 4-пунктчасында:

алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

сегизинчи абзацындагы «сугат сууларга,» деген сөздөр алып салынсын;

онунчу абзацындагы «суунун,» жана «суу басуудан, сазга айлануудан, кургап кетүүдөн,» деген сөздөр алып салынсын;

он жетинчи абзацындагы «, суунун» деген сөз алып салынсын;

- 5-пунктчасында:

үчүнчү абзацындагы «, суу» деген сөз алып салынсын;

онунчу – он экинчи жана он алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 8-пунктунун он биринчи абзацындагы «суу чарба,» деген сөздөр алып салынсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасындагы «Суу чарба жана мелиорация департаменти» деген позиция күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 10-пунктунун 4-пунктчасында:

- он жетинчи абзацы «коммуналдык комплекс» деген сөздөргө чейин «ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, » деген сөздөр менен толукталсын;

- он сегизинчи – жыйырманчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасындагы «Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаменти» деген позиция алып салынсын.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

алтынчы пунктундагы «4 900» жана «4 616» деген цифралар тиешелүү түрдө «794» жана «510» деген цифралар менен алмаштырылсын;

16-пунктундагы «1 117» жана «266» деген цифралар тиешелүү түрдө «1 084» жана «233» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 192-пункту менен толукталсын:

«

192Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги

4 896

 - борбордук аппарат

69

 - ведомстволук бөлүмдөр

1 300


- аймактык бөлүмдөр

3 527

».

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 6-пунктундагы «974» жана «921» деген цифралар тиешелүү түрдө «224» жана «175» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын :

«

16Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

17


анын ичинде
 - борбордук аппарат

10

».

- 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 192-пункту менен толукталсын:

«

192Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги

757

 - борбордук аппарат

12

 - ведомстволук бөлүмдөр

243


- аймактык бөлүмдөр

502

».

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 «Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун «а» пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;».

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги:

- эки жумалык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана берсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди ишке орноштуруу маселесин чечсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу баардык чараларды көрсүн.

12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтомунун 1-пунктунун сегизинчи абзацы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомунун 6-пунктунун 5-пунктчасынын үчүнчү – алтынчы абзацтары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-февралындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен камсыздоо департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 42 «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук карамагындагы мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана талаптагыдай контролдоо менен координациялоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.

13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

14. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                    М.Д. Абылгазиев