Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө
Жашыл экономика чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана өлкөнүн артыкчылыктуу секторлорунда жашыл экономиканын ыкмаларын киргизүү боюнча негиздерди түзүү аркылуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын негизги жоболорун натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия (мындан ары – Координациялык комиссия) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев