Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 “Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 “Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелеринде:
- 1-пунктунун 1-пунктчасы “чарбакер субъекттер” деген сөздөргө чейин “эгерде үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктундагы “тийиштүү чечим чыгарылгандан баштап 10 күндөн кечиктирбей” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген мөөнөттө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев