КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-августундагы № 408 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын
 15-январындагы № 10 “
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 

15-январындагы № 10 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги жөнүндө жободо:

- 3.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3.4. Жарандык авиациянын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, тармактык стандарттардын, техникалык шарттардын, авиациялык эрежелердин, нускамалардын, сертификациялык талаптардын, башка укуктук жана техникалык актылардын долбоорлорун, ошондой эле жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кароосуна киргизет.”;

- 3.5-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- жарандык авиация тармагында жердеги жана аэронавигациялык тейлөөгө, техникалык тейлөөгө, оңдоого, авиациялык персоналды даярдоого, ошондой эле учуулардын коопсуздугунун, туруктуулугунун жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын натыйжалуулугунун кызыкчылыгында сертификаттоо зарыл болгон башка кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан иштерди сертификаттоо;

- аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга, аба кемелерин техникалык тейлөөдөн жана (же) оңдоодон сырткары, учуп келүүдө же учуп кетүүдө аба кемелерин аэропорттордо (аэродромдордо) жер үстүндө тейлөөгө лицензияларды берүү.”;

- 3.11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 3.24-пункту “Кыргыз Республикасынын өкмөттөр” деген сөздөрдөн мурда “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине жана” деген сөздөр менен толукталсын;

- 4.4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4.4. Авиаташуучуларды жана жарандык авиациянын башка чарбакер субъекттерин Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жазаларды колдонуу менен аба транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана эксплуатациялоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүүгө.”;

- 6.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“- бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жаза берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзөт;”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

    Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу