КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 404 токтому

Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын  23-августундагы № 386 “Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарба жүргүзүүчү субъекттерге экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                         М.Д.Абылгазиев