КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы № 413 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондун түзүү жөнүндө” 
 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын аткаруу, 2017-жылдын 11-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жана “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жана “Кумтор Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууну (мындан ары – Макулдашуу), жогоруда аталган Макулдашууга карата “Центерра Голд Инк.” жана “Кумтөр Голд Компани” компаниялары тарабынан кол коюлган 2019-жылдын 7-августундагы Бир тараптуу милдеттенмени ишке ашыруу максатында, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-декабрындагы № 840 “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  1-2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги белгиленген тартипте:

- “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондун (мындан ары – Фонд) түзсүн;

- Фонддун уюмдаштыруучусу катары чыксын;

- Фондду иштетүүнүн уюштуруу-укуктук маселелерин чечсин жана юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- Макулдашуунун жоболорун так сактоону камсыздасын.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Фондду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги дайындаган Байкоочу кеңеш башкарат;

- Фонд жыл сайын аудитордук текшерүүгө алынат;

- Фонддун каражаттары айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду каржылоого, ошондой эле Фонддун уставында каралган максаттарга гана пайдаланылат.”;

2) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу