КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 418 токтому

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 10-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда аялдар менен балдарга карата зомбулук опурталын азайтуу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка уюмдардын жана жарандардын өз ара биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча):

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;

- өзгөчө жана кризистик кырдаалдар шарттарында гендердик зомбулукту болтурбоо, бөгөт коюу жана чара көрүү боюнча өз ара аракеттенүү механизмин ишке киргизүүнү камсыз кылышсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                           М.Д.Абылгазиев