2019-2020-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин жана бюджеттик орундардын санынын тизмесин бекитүү жөнүндө
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2019-2020-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин жана бюджеттик орундардын санынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча 2019-2020-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитишсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев