Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө
“Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формалары, 1-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формалары, 2-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары (сүрөттөмөлөрү жана үлгүлөрү), 3-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формалары, 4-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарын толтуруу тартиби, 5-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын толтуруу тартиби, 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
-Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларынын үлгүлөрүн жиберсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларынын үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге жиберсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу мурда берилген күбөлүктөр жарактуу деп тааныла тургандыгы жана ушул токтомго ылайык берилген күбөлүктөр менен бирдей колдонулууга тийиш экендиги белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-октябрындагы № 698 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-майындагы № 294 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
6. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 12-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев