Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 143 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчетторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Банкроттук процесстин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускаманы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 143 “Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруучу администраторлордун отчётторун берүү боюнча нускамада:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине ылайык атайын администратор банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын алдында отчёт берүүгө милдеттүү.
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине ылайык эгеpде ушул бөлүмдө жана pеабилитация планында башкача каpалбаса, тышкы башкаpуучу атайын администpатоpдун укуктарынан жана милдеттеpинен пайдаланат.
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкроттук иштер боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын банкроттук процессинде администраторлордун аткаруусун, администраторлордун отчёттук маалыматтарды жыйноосун контролдойт жана ага болгон талаптарды бекитет.
Бул Нускамада “администраторлор” термини атайын администраторду жана тышкы башкаруучуну түшүндүрөт.”;
- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Отчёт бербесе же өз убагында бербесе, ошондой эле отчётторду туура эмес берсе, администратор Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.”;
- 6-пунктунун төртүнчү абзацында “жана жылдык” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Финансылык абалдын баштапкы талдоосу Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежеде белгилеген талаптарга ылайык берилет.”;
- 9-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Кварталдык отчёттор отчёттук кварталдан кийинки айдын 1инен кечиктирилбей берилет. Кварталдык отчёттор жазуу түрүндө берилет жана кредиторлордун чогулушунун протоколдорунун көчүрмөсүн тиркөө менен отчёттук мезгилде жүргүзүлгөн бардык иш-аракеттер жөнүндө, жүргүзүлгөн тооруктар жана кредиторлордун талабын канааттандыруу жөнүндө маалыматтарды ж.б. камтыйт. Квартал сайын берилүүчү тиркемелердеги көрсөткүчтөр өлчөө бирдиктерин так көрсөтүү менен банкроттук процессинин башталышынан тартып өсүүчү жыйынтыктар менен чагылдырылат.”;
экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы “жана жылдык” деген сөздөр алып салынсын;
он экинчи, он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Отчётко милдеттүү түрдө ушул Нускаманын 1-6-тиркемелерине ылайык документтер берилиши керек.
Тиркемелердеги көрсөткүчтөр жана маалыматтар толук болуп саналбайт жана зарылдыкка жараша администратор тарабынан толукталышы мүмкүн.
Реструктуризациялоо методу менен атайын администрациялоо жол-жобосун колдонууда администратор кварталдык отчёттон тышкары банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органга түшүндүрмө кат менен ушул жол-жобонун алкагында түзүлгөн жаңы юридикалык жактын бухгалтердик балансынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн милдеттүү түрдө тапшырат.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-12-пункттар менен толукталсын:
“10. Ачык тоорук жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу отчёт аукцион жана конкурс өткөрүлгөндөн кийин он календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. Отчётко ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык документтер берилет.
11. Реабилитациялоо жол-жобосун ишке ашырган тышкы башкаруучу банкроттук иштер боюнча мамлекеттик органга реабилитациялоонун бекитилген планынын көчүрмөсүн тапшырууга жана планды аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө отчётту квартал сайын тапшырууга милдеттүү.
12. Корутунду отчёт “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Банкроттук процессинин жол-жоболорун колдонуу тартиби жөнүндө эрежеде белгиленген көлөмдө жана тартипте берилет.”;
- аталган Нускаманын 1-6-тиркемелери ушул токтомдун 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган Нускаманын 7-13-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев